Ош. Айтмамат Кадырбаев: "Эстакадалык көпүрөнүн курулушу мыйзамсыз болсо да, элдин тагдырын ойлоп, бүтүрүшүбүз керек"

Бүгүн, 20-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышып жатып: "Башталган көпүрө мыйзамсыз экени аныкталса да, аны бүтүрүшүбүз керек. Үйүңө тооккана курсаң да иш долбоору менен болот. Кандай болбосун, курулуш иши аягына чыгат",- деди.
Мындан сырткары борбордогу базардын соодагерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрү менен таанышты. Анда Ош шаарынын тургундары үчүн азыркы учурда көйгөй жаратып жаткан эстакадалык көпүрө бүтүрүү негизги маселе болду. Калаа башчы кыска убакыттын ичинде бүтүрөрүн жана азыркы тапта жаңы долбоор иштелип жатканын айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан