Эртең, 21-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Буга согуштун жана эмгектин ардагерлери катышышат. Аларга мэрия тарабынан материалдык жардамдар тапшырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, майрамга карата шаардык жана райондук иш-чараларды өткөрүүгө 1 миллион сом каралган. Учурда Бишкек шаарынын социалдык коргоо органдарынын каттоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун 354 катышуучусу, 19 Ленинград блокадачылары турушат.