Жогорку Кеңеш менен USAID`дин ортосундагы "Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга" кол коюлду

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеш менен АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) ортосунда "Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга" кол коюлду. Меморандумга Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов менен USAID`дин Кыргызстандагы миссиясынын директору Майкл Грин кол коюшту.

Ешмамбетов USAID өлкөдө парламентаризмди өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн башкы өнөктөштөрдүн бири экенин айтты. Аппарат жетекчиси меморандумга кол коюуну эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган маанилүү окуя деп белгиледи.

Майкл Грин меморандумга кол коюу АКШ Конгресси менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин ортосундагы мамилелердин натыйжалуу өнүгүшүнүн далилдеринин бир катары саналарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан