Асылбек Жээнбеков “Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүүгө USAID зор салым кошту” деди

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 20-февралда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Кыргызстандагы миссиясынын директору Майкл Гринди кабыл алды. Жээнбеков USAID`дин кыргыз парламентине колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан парламенти менен USAID`дин ортосунда “Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга” кол коюлушу менен куттуктады.

“2013-жылы USAID мыйзам чыгаруу жүрүмүн өркүндөтүү, парламенттин тармактык комитеттеринин ишин жандандыруу, ошондой эле кыргыз парламентинин аппаратындагы адам ресурстарын башкаруу усулун өркүндөтүү аркылуу Кыргызстанда парламентаризм институтун өнүктүрүүгө чоң салым кошту”,- дейт төрага.

Майкл Грин америкалык тарап Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү, өлкөдө мыйзам чыгаруу жүрүмүн өркүндөтүү жаатында көмөк көрсөтүүнү мындан ары да улантууга даяр экенин айтты. Кыргызстандын парламенттик демократияны калыптандыруу боюнча жетишкендиктери эске алынуу менен USAID`дин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2014-жылдын башынан тарта аймактык кеңседен өз алдынча иш жүргүзүүдө чоң ыйгарым укуктарга ээ болгонун кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан