КТРКдагы "Аалам сырлары" телеберүүсүндө коррупциялык иштер болушу мүмкүн экендигинен кабар берген аудиожазуу пайда болгондон бери эки күн өттү. Ага карабай ИИМ, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өңдүү органдар дагы деле үн ката элек.Телефондук сүйлөшүү түшүрүлгөн аудиожазууда КТРКдагы жооптуу кызматкер үчүн берүүнүн катышуучусунан финалга өткөрүүгө 20 миң доллар же 1 миллион сом талап кылып жатканы көрүнүп турат. Эгер берүүнүн 1-чыгарылышын эске алсак, анда 3 финалчы болуп, алардын бири жеңүүчү аталган. Финалга өтүү үчүн катышуучулар 20 миң доллардан бериш керек болсо, анда жеңүүчү болуш үчүн уюштуруучуларга кандай сумма бериш керек? Ырас, финалга чыгуу үчүн мындай сумманы талап кылышканы аныкталса, анда катышуучу болуш үчүн да кайсы бир сумма алынбайт деген кепилдик барбы? Бул берүүнүн тегерегинде миллиондор айланганы, адамдардын кайсы бир тобу мамлекеттик мекемени акча табуучу күркө кылып алганы коррупциянын жеткен чеги эмей эмне?
Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөшүү Кыргызстанды бутуна тургузуудагы номур биринчи тапшырмалардан экендигин, атүгүл "тууган-уруксуз, дос-тамырсыз калсам да коррупция менен күрөшөм" дегени менен, "Өлкөдө коррупция менен күрөшүү, мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү кош стандарттуу мамиледе, оппозиция жана "ОшТВ" сыяктуу жалаң бийликтин атаандаштары үчүн гана жүрүп жатабы?" деген ойго жетелейт.