Бүгүн, 21-февралда Ош шаарындагы М.Горький атындагы №8-мектеп-гимназиясында Эл аралык эне тил күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлөт.
Анда шаардагы мектеп окуучулары өздөрүнүн улуттук тилин даңазалоо максатында эне тили тууралуу кыргыз тилинде маалымат берип, ырларды көркөм окушмакчы. Мындан сырткары окуучулардын ыр-бий коштогон концерттик программасы орун алат. Муну менен катар ар бир улуттук буюмдары менен ошол улуттун тилинде жарык көргөн китептердин көргөзмөсү болот.