Бүгүн Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 21-февралда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Жайыл баатыр, Абдрахманов, Жунусалиев, Садырбаев көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул “Айни” көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка, Бирлик айылдарында да 09:00дөн 17:00гө чейин жарык жок болот. Буга “Бирлик” көмөк чордонундагы жогорку чыңалуудагы электр зымдарын оңдоо иштери себеп болууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан