Жогорку Кеңештин КСДП парламенттик фракциясынын 22-февралдагы кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасында 2014-жылдын жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматы талкууланат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Фракция отурумуна тиешелүү министрликтин өкүлдөрү жана дыйкандарга жеңилдетилген насыя берген "Айыл Банк", "РСК Банктын" жетекчилери чакырылган.
Мындан сырткары жыйында чек арага жакын жайгашкан жерлерди чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга сатууга тыюу салган мыйзам долбоору каралат.