Ош технологиялык университетинде Эне тил күнүнө карата “Кыз-жигит” сармердени болуп өттү

Кечээ, 20-февраль күнү Ош технологиялык университетинде Эл аралык эне тил майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатты окуу жайдын мамлекеттик тил кафедрасы уюштурду. Ага окуу жайдын жетекчилиги, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун адистери, студенттер жана окутуучулар катышты.

Иш-чаранын ачылышында активдүү окутуучулар менен студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды. Андан соң катышуучуларга окуу жайдын мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан «Кыз-жигит» сармердени көрсөтүлдү. Анда командалар ар улуттун ырларынан аткарышып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүштү. Жыйынтыгында мырзалар командасы жеңишке жетишип, баалуу белектер, дипломдор менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан