Украинадагы баш аламандыктан акыркы 3 күндө 75 адам каза тапты. Муну 20-февраль күнү кечинде аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул аралыкта медициналык жардам алууга 571 адам кайрылып, 363 адам ооруканага жаткырылды.
Айрым органдар тараткан маалыматтарда каза тапкандардын саны мындан бир топ көп. Тактап айтканда, 20-февралда эле Киевде 70тен 100гө чейин адам көз жумганы айтылууда. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 18-20-февраль күндөрү 565 укук коргоо кызматкери жаракат алып, 13ү кайтыш болгонун жарыялады.