Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү жаңы курулган №2-үйдүн 44-батиринин дубалынан жарака кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда үйдүн ээси Мунар Абдукаимов билдирди. Анын айтымында, Июнь окуясында агасына ок тийип, ушул үй берилген. Бирок бул үйгө жашаганына бир жыл боло электе дубалдардан жарака кете баштаган.
"Мына өзүңөр көрүп турасыңар, ашкананын дубалынан жарака кете баштады. Түтүктөрдүн баары Кытай буюмунан жабдууланган",- деди ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 19-февралда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алган.
Токтомдо дирекциянын ишин "жетишсиз" деп табуу жана дирекциянын ишине укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратура жана Эсептөө палатасынын иш жүргүзүшү каралган. Айта кетсек, аталган дирекцияны убагында азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.