Өткөн сутка ичинде Бишкек шаардык "Тез жардам" станциясына 554 чакыруу келип түшкөн. Алардын 394үнө жардам көрсөтүлүп, 111 адам ооруканага жеткирилген. Бул туурасында бүгүн, 21-февралда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, бир сутка ичинде 5 жол кырсыгы, 7 криминалдык учур катталган. Атылган октон 47 жаштагы адам каза болду. Аны белгисиз бирөөлөр атып, таштап кетишкен. Ошондой эле бир кыз асынып алды.