Бишкек шаарында 22 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө жашайт

Бишкек шаарында 22 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда борбор калаанын вице-мэри Мурат Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы социалдык жардамдарга 252 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле 155 миллион сом даректүү социалдык жардамдар көрсөтүлгөн.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясында коллегиялык жыйын болуп жатат. Анда 2013-жылы аткарылган иштер жана 2014-жылга пландар талкууланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан