Каржы министрлиги: Өкмөт айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыялар менен 400 миллион сомдук колдоо көрсөтөт

Өкмөт айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыялар менен 400 миллион сомдук колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын айтымында, насыялар 2 жылга 10 пайыз (өсүмдүк жана мал чарбачылыгы) жана 9 пайыз (кайра иштетүү өнөр жайы) үстөк менен берилет.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында Кыргызстанда 2014-жылдын жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматы талкууланууда. Фракция отурумуна тиешелүү министрликтин өкүлдөрү жана дыйкандарга жеңилдетилген насыя берген "Айыл Банк", "РСК Банктын" жетекчилери чакырылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан