Бишкек мэри “шаардагы унаа коюучу жайларда иштегендер эртеңден баштап ишке чыгышпасын” деди

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бүгүн, 21-февралда мэриянын коллегиялык жыйынында “эртеңден баштап унаа коюучу жайда (парковка) иштегендер ишке чыгышпасын” деп тапшырма берди. Муниципалдык базарлар жана автоунаа токтотуучу жайлар боюнча дирекциясы тууралуу “бардык ишмердүүлүгү мыйзамсыз, жасалма жол менен түзүлгөн орган” деди.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия көчөдө унаа коюучу жайлар убактылуу бекер боло турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан