“Ата Журт” фракциясынын 21-февралдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров Нарын ГЭС каскады долбоорунун наркы кымбаттаганын, муну карап чыгуу зарыл экенин айтты.
“Орусия менен макулдашууну кароо жана колдоо алдында долбоордун наркы 450 миллион доллар болчу. Азыр болсо 730 миллион доллар экенин айтышууда. Макулдашуунун шарты боюнча, долбоор 2014-жылы бүтсө, Кыргызстан 15 жылдан кийин башкаруу укугун өзүнө алмак. Эгер долбоор 730 миллион болсо, башкаруу укугу Кыргызстанга 40 жылдан кийин да берилбейт. Бул маселени өзүнчө карап чыгыш керек”,- деди Кочкоров.
Фракция лидери бул маселе март айында фракцияда карала турганын билдирди.