Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов мүрзөлөрдөгү көйгөйлөр боюнча атайын жыйын өткөрүүнү сунуштады. Айта кетсек, бүгүн, 21-февралда мэриянын коллегиялык жыйыны өттү. Кулматов мүрзөлөр боюнча баш аламандык уланып жатканын билдирип: “Эки аптанын ичинде жаңы башчы (Бишкектеги ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги) маселе боюнча өзүнүн концепциясын сунушташы керек. Сунуштабаса, башкасын табабыз”,- деди.
Кулматов мүрзөгө бир адамды коюуга 1,5-2 миң доллар жумшалып, мунун арты менен органдар бизнес жасап жатканын билдирди.