Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоонун тексти:

"Урматтуу мекендештер!

 Мекенди коргоочулар күнү – элге, өлкөгө кызмат кылуунун белгиси, чыныгы атуулдардын сыймыктуу майрамы. Кылымдарды карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында Ата Мекенди коргоо үчүн аскерлер менен бирге карапайым мекендештерибиз дагы тикесинен тик турушкан. Өз өмүрүн аябай элибизди, жерибизди душмандардан коргоп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калышкан.

Аталарыбыз Улуу Ата Мекендик согуш майданында душман менен салгылашкан. Миңдеген мекендештерибиз Ооган согушун баштан өткөрүп, Баткен окуяларына катышкан. Азыркы тынчтык мезгилде дагы мекенибиздин чек арасын коргоп, карапайым кыргызстандыктар курман болуп жатышат.

Ардактуу мекендештер!

Ар бирибиздин ыйык милдетибиз – Ата Мекенибизди коргоо, өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калуу. Күчтүү, эркин, гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанды куруу. Бул бийик максатка жетүүнүн негизги шарты - күчтүү армияны түзүү жана Кыргызстандын чек араларын бекемдөө.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоо башталды. Заманбап, кесипкөй, жакшы куралданган, өлкөбүздү коргогонго жөндөмдүү армия түзүлөт. Армияны башкаруунун системи да түп-тамырынан өзгөртүлөт.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм. Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн эмгектенген мекендештерибизге, мекен сакчыларына чың ден соолук, үй-бүлөдө бакыт-таалай, тынчтык жана ынтымак каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан