Кыргызстанда 2014-жылы 1 миллион 178 миң гектар жер айдалат. Муну бүгүн, 21-февралда КСДП фракциясынын жыйынында айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев айтты. Анын билдиришинче, быйыл 131,9 миң гектар жерге буудай, 137,1 миң гектар аянтка арпа, 93,5 миң гектар жерге жүгөрү, 7 миң гектарга кант кызылчасы эгилет.
Керималиев быйыл 8 миң гектар жаңы айдоо жери кошула турганын да билдирди.