Бүгүн, 21-февралда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен экономика министри Темир Сариев мамлекет башчыга интеграциялык бирикмелерге кирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Чогулуштун катышуучулары өлкө башчыга Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн интеграциялык бирикмелер боюнча биргеликте иш алып баруу жөнүндө айтышты. Жыйынтыгында президент Орусия өкмөтү менен биргеликте иш алып барууда эффективдүүлүктү жогорулатуу чараларын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле бул багытта кылдаттык менен иштөө керектигин кошумчалады.