Бүгүн, 21-февралда Туризм академиясында Эл аралык эне тил күнүнө карата боорсок сынагы болуп өттү. Ага Бишкектеги жогорку жана кесиптик-техникалык окуу жайларынан жалпысынан 10 команда катышты. Ар бир курама команда боорсоктун 10го жакын түрүн жасашкан.
Негизги талаптар жасалган боорсокторду кыргыз тилинде баяндап берүү жана боорсоктун ар түрдүүлүгү, даамы, жасалышы болду. Буга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов, коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов баштаган калыстар тобу өз баасын берип жатышты.