Украина: Өлкө башчы Янукович кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүгө көндү

Украинанын өлкө башчысы Виктор Янукович кезексиз президенттик шайлоого барууга жана 2004-жылкы Конституцияга кайтып келүүгө көндү. Муну бүгүн, 21-февралда чет элдик бир катар ММКлар жарыялашты. Элдик депутат Олег Ляшконун билдиришинче, кезексиз президенттик шайлоо декабрь айында болот.

“Янукович менен болгон түндөгү сүйлөшүү эмне менен аяктаганын билдим. 48 сааттын ичинде 2004-жылкы Конституцияны кайтарып келүүнү, 10 күндүн ичинде коалициялык өкмөт түзүүнү, декабрь айында кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү макулдашты”,- деп жарыялады Ляшко. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан