Кечээ, 20-февралда Бейшенбей Жунусовдун төрагалыгы астында дин тармагында мамлекеттик реформа жүргүзүү боюнча Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жумушчу топтун курамына мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана дин уюмдарынын өкүлдөрү кирет. Жыйындын жүрүшүндө Коргоо кеңеши бекиткен маселелерди аткаруу тартиби каралды.
Кыргыз Республикасынын дин тармагындагы саясатынын концепциясынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу, Кыргызстандагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүү жана Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринде түзүмдүк бөлүмдөрдү ачуу талкууга алынды.