Роза Акназарова заманбап технологиялар кен казуу ыкмаларын өзгөрткөнүн айтты

Австриянын Вена шаарында Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын экономикалык маселелер, илим, технология жана айлана-чөйрө боюнча экинчи – жалпы комитетинин жыйыны болду. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты, ЕККУ ПАнын аталган комитетинин төрайымы Роза Акназарова төрагалык кылганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Отурумда ЕККУ аймагындагы суу ресурстарын башкаруу жаатындагы кызматташуу боюнча атайын талкуулар болду. Акназарова өз докладында жер үстүндөгү жана жер алдындагы сууларды коргоо тутумун түзүү зарылдыгына көңүл бурду.

Айтымында, заманбап технологиялык инновациялар жаратылыш ресурстарын казуу, пайдалануу жана таркатуу ыкмаларын өзгөрттү. Мындай өзгөрүүлөр суу менен камсыздоо жаатына таасирин тийгизет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан