Мыктыбек Абдылдаев: “Ысык-Көл туристтик зона деген түрүн жоготту”

“Ата Журт” фракциясынын 21-февралдагы жыйынында Мыктыбек Абдылдаев “бүгүнкү күндө Балыкчыга барып, чаңдан башка нерсени көрүү кыйын” деп билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көлдүн айланасы курорттук зона деп айтылып келет. Бирок бүгүнкү күндө ал туристтик зона деген түрүн жоготту. 
“Жаңы бийлик 4 жылдан бери иштеп келет. Ошентсе да бийликти карай бергенге болбойт. Ишеним түгөнүп жатат. Өнүктүрүү стратегиясы боюнча бир да пунктту аткарган жокпуз. Нарындагы жогорку каскаддагы ГЭС боюнча 2 жолу макулдашууга кол коюлду”,- деди депутат. Ошондой эле кийинки жыйында Улуттук стратегия боюнча маселени талкуулоо демилгесин көтөрүп чыкты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан