Бүгүн, 21-февралда Ош шаарында Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын көчмө жыйыны өтүп жатат. Ага депутаттар менен кошо вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышып жатат.
Ош шаарынын мэриясы тарабынан жасалган иштерге карабай, шаарда көйгөйлөр көп экенин депутаттар айтышты.
"Учурда Ош шаарынын башкы курулуш планы жок болгондуктан, аталган көйгөй шаардын курулуш саясатына жана курулуш процессин эффективдүү башкарууга тоскоол болууда",- деди фракция лидери Назарали Арипов.