Олег Мороз Жол-кайгуул кызматынан кетүү боюнча арыз жазды

Олег Мороз Жол-кайгуул кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда ИИМ билдирди. Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан Олег Мороздун Орусиянын жараны экендиги аныкталган. Муну Орусиянын тиешелүү органдары тастыктап беришкен. Ал эми бөлүм башчы бул маалыматты өзү да четке каккан эмес.

КРнын мыйзамдарына ылайык, башка мамлекеттин жараны болгон адам мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.

Олег Мороз ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын бөлүм башчысы болуп иштечү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан