Аскер институтунда Ачык эшиктер күнү өтүп, катардагы жарандар аскерлердин жашоосу менен жакындан таанышышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 21-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда Ачык эшиктер күнү өттү. Ага Бишкек шаарынын мектеп окуучулары, бала бакча жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары болуп жалпысынан 350дөн ашык конок чакырылды. Алар үчүн бир нече кызыктуу иш-чаралар көрсөтүлдү.

Ачык эшиктер күнү мамлекеттик желекти көтөрүү жана гимнди аткаруу менен башталды. КРнын Коргоо министринин орун басары Жаныбек Капаров: “Аскер болуу - ардактуу милдет. Ошондуктан биз силерди мекенди коргоого чакырабыз. Аскер институтуна тапшыргыңар келсе, райондук аскердик комиссариат силерге керектүү иш-кагаздарды чогултууга жардам берет”,- деп жаш конокторго кайрылды. Мындан тышкары ал Аскер институтунун алдынкы курсанттарына энчилүү стипендия берүү боюнча коргоо министринин атынан буйрук берди жана мекен коргоочуларын келе жаткан 23-Февраль майрамы менен куттуктады.

Андан соң жаш конокторго КРнын Куралдуу күчтөрүндө камдалган мылтыктардын түрлөрү көрсөтүлдү. Учурдан пайдаланып, балдар мылтыктар менен уюлдук телефондоруна сүрөткө түшүштү. Иш-чаранын катышуучулары аскердик унаа, тик учак, учактар жайгаштырылган аймакка барышты. Ал жакта балдар вертолёттун учкучунун жана унаалардын айдоочуларынын ордуна отурууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле аскердик ысык тамактан даам татышты. 

Катышуучулар үчүн атайын Кант шаарындагы авиациялык базадан орусиялык тез учуучу учак (истребитель) шуулдап учуп келип, асманда бир нече убакыт айланып, балдардын көңүлүнө терең таасир калтырды.

Иш-чара даректүү тасма көрсөтүү жана майрамдык концерт менен аяктады.

"Жоокер болгум келет"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан