“Бийик тоолуу шарттагы айылдардын тизмесин түзүү калыс жүрбөй жатат” дешти депутаттар

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде бир нече жолу көтөрүлүп, аягына чыкпай жаткан маселелердин бири -  бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы аймактарда жайгашкан айылдардын тизмесинин бекитүү. Тизмеге бир айыл кирип, жанаша жайгашкан экинчи айыл кирбей калган учурлар көп болуп жатканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Парламент депутаты Абдимуталип Кочкорбаев тизмени түзүүдө калыстыктын болбой жатканын айтат. Ушу тапта тизме Союз мезгилиндеги өлчөмдөр менен кетип жатат.

“Мындай жол менен кетүүгө болбойт. Андан бери 30 жылдай мезгил өтүп, айылдардын баары өзгөргөн, кеңейген. Азыркы документтерде чыныгы маалыматтар жок. Айрым жерлерде жанаша турган айылдардын бири кирип, бири кирбей, адилетсиз мамиле болуп калган”,- дейт Кочкорбаев. Комиссия түзүлүп, тизмени жер-жерлерге барып тактоо зарыл экенин айткан депутат: “Бул маселени создуктурбаш керек. Көптөгөн жарандарыбыздын катаал шартта жашап, жеңилдиктерден пайдаланбай көзү өтүп кеткени өкүнүчтүү”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан