Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши төрага Асылбек Жээнбековдун жетекчилиги менен бүгүн, 21-февралда 26-27-февралдагы жыйындарынын күн тартибинин долбоорун бекитти.
Парламент 26-февралда “КРнын мөңгүлөрү жөнүндө”, “КРнын бажы тарифи жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлорун карайт.
27-февралда жазгы талаа жумуштарына карата өкмөттүн даярдыгы, “Кыргыз Республикасындагы кумар оюндары тууралуу”, “КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору талкууланат.