Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоого башкы прокурорго гана укук бере турган мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-февралда “Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 22-январында кабыл алынган бул мыйзамга ылайык, Жазык-процесстик кодексинин 156-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталат:

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголот”.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан