Бүгүн ички иштер министринин орун басары Бакытбек Жусубалиев Жумгалда жабыркаган милиция кызматкерлеринин туугандары менен жолугушту

Бүгүн, 21-февралда ички иштер министринин орун басары Бакытбек Жусубалиев Жумгалда жабыркаган милиция кызматкерлеринин туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлеринин туугандары ИИМге келишкен. Алар тиешелүү чара көрүүнү суранышкан. Ал эми айыпталуучу милиция кызматкери Жоомарт Сыдыковдун эжеси Кымбат маркум Айбек Мамбеталиевдин бир тууган эжеси бензин чачып, от коюп жибергенин айткан.

Буга министрдин орун басары "баары мыйзам чегинде чечилет" деди. 

Эске сала кетсек, кечээ, 20-февралда Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин Жумгал суусуна ыргытып жиберишкен. Ал эми үчүнчүсүн милиция кызматкерлери аман алып калышкан.

Маалыматка караганда, айыпталуучу тараптын адвокаты ишти облустук сотто кароону суранган. Муну Жумгал райондук соту карап, ишти Нарын облустук сотуна жөнөттү. Мындан улам маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары нааразычылык билдиришип, аягы ызы-чууга айланып кеткен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан