Жалал-Абадда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата иш-чаралар өттү

Бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрда 23-Февраль - Мекенди коргоочулардын күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева келди. Ал мекен коргоочуларын куттуктап, Ардак грамоталарды тапшырды.

Ошондой эле шаардагы коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаев да куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалоо менен акчалай сыйлыктарды, баалуу белектерди берди. 

Майрамдык иш-чарага ооганчылар, баткенчилер, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, жалпысынан 400дөн ашуун адам келип, салтанат концерттик программалар менен коштолду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан