АКШнын Флорида штатындагы Сарасота шаарынын 101 жаштагы тургуну Жо Ньюман АКШнын Конгрессине талапкерлигин коймокчу. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ал Конгрессте иш алып баруу үчүн 101 жаш курагында башка атаандаштарына салыштырмалуу мол турмуштук тажрыйбага ээ экендигин жана бул жагынан социалдык маселелер боюнча башкаларга караганда терең ой жүгүртө аларын билдирген. Бирок коомчулук талапкердин шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогору баалаган жок. Себеби шайлоо өтө турган 16-округда ага белгилүү коомдук ишмер, таасирдүү саясатчылардын бири Верн Бьюкенен атаандаштык кылмакчы.
Кошумчалай кетсек, “Антропологиялык өнүгүү” деп аталган платформа менен шайлоого аттануу алдында турган Жо коомду өнүктүрүүгө багытталган аракетине ишенет. Шайлоо 2014-жылдын ноябрь айында өтөт. Эгер Ньюман шайлоодо жеңип чыкса, Конгрессте кызмат аткарган эң картаң адам катары жаңы рекорд коёт. Учурда бул рекорд Ральф Холлго таандык. Ал 1981-жылкы шайлоодо жеңип чыккан.