Таш-Көмүр шаарында “Достук” спартакиадасы өттү

Таш-Көмүр шаарында “Өспүрүмдөр кылмыштуулукка каршы!” деген ураан астында “Достук” спартакиадасы өттү. Буга 5 мектептен жана 2 окуу жайынан 7 балдар командасы, 7 кыздар командасы катышты. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды. 

Иш-чаранын максаты - өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, мектеп рэкетчилигинин алдын алуу, өспүрүмдөрдү баңгиликтен оолак болууга, аларды сергек жашоого үндөө, ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы биримдикти, достукту чыңдоо, ынтымакты бекемдөө. 

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-февралда билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан