Ош облусунун Ноокат районунда “Китеп - билим булагы” аттуу семинар өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Райондук билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Иш-чарага Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Араван, Кара-Кулжа жана Баткен облусунун Кадамжай районунан китепканачылар катышты.
Ноокат районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мухтар Маматалиев 2013-жылы Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектеби мыкты деп табылганын айтып, райондук китепканалар боюнча да маалымат берди.