Курбанбай Искандаров: “Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолу боюнча тажик тарап менен кезектеги сүйлөшүү аяктады”

“Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушу боюнча тажик тарап менен кезектеги сүйлөшүү аяктады”,- деп билдирди бүгүн, 21-февралда Super.kg порталына өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров. Айтымында, азырынча бир жыйынтык чыга элек.

“Тажик тарап жолдун курулушу боюнча өз сунуштарын айтты. Башкача айтканда, жолдун кайсы жеринен тажиктер, кайсы жеринен кыргыздар өтсө болору тууралуу ойлорун ортого салышты. Жакын арада тийиштүү адистер менен алардын сунушун карайбыз. Жыйынтыгын март айында өтчү эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин жолугушуусунда алып чыгышыбыз мүмкүн”,- деди Искандаров.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан