“Көк-Таш – Ак-Сай жолу боюнча чечим кабыл алууда сөзсүз жергиликтүү элдин пикири эске алынат” деди Курбанбай Искандаров

Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай унаа жолу боюнча акыркы чечимди кабыл алууда сөзсүз жергиликтүү жашоочулардын пикири эске алынат. Муну бүгүн, 21-февралда Super.kg порталына өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымдады. Айтымында, тажик тарап курулуп жаткан жолдун пайдасын аймакта жашаган Тажикстандын жарандары да көрүшү керектигин билдирип жатышат. “Бул маселе жергиликтүү элдин коопсуздугу үчүн маанилүү. Жолдун курулушу боюнча айыл тургундары менен кеңишип, алар макул болгон шартта гана чечим кабыл алабыз”,- деди Искандаров. 
Учурда аталган жолдун курулушу жүрүп жатканынан же токтоп турганынан кабары жок экенин кошумчалады ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан