2014-жылдын 21-февралына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 745 миллион метр кубду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылы 12 миллиард 441 миллион метр куб болгон. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 139 метр куб, агып чыккан суунун көлөмү секундуна 763 метр кубду түзүүдө.