Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркуловго айыбы угузулду
Бүгүн, 21-февралда Бишкек шаарынын мурунку
мэри Иса Өмүркуловго Башкы прокуратура тарабынан айыбы угузулду. Ага "кызматтык абалынан аша чапкандык" жана "жер мыйзамын бузуу" беренелери боюнча айып
тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Эскерте
кетсек, экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын
аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө.
Иса Өмүркуловго өлкөдөн эч жакка кетпөө чарасы кабыл алынды.