Алмазбек Атамбаев 21-февралда "Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамга ылайык, КРнын Жазык-процесстик кодексинин 156-беренеси 5-бөлүк менен толукталат: «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына карата жазык иши башкы прокурор тарабынан гана козголот».
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.