Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргызстандыктарды 23-Февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти төмөнкүдөй:
“Урматтуу ардагерлер, аскерлер жана офицерлер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул күн кайраттуу, күчтүү, өз өлкөсүнүн чыныгы патриоттору болгон адамдардын майрамы. Бул майрам Ата Мекен үчүн кызмат өтөгөндөргө, учурда аскердик мөөнөтүн өтөп жаткандарга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктоого даярдык көрүп жаткан жарандарыбыздын баарына урмат көрсөтүү күнү. Ошондой эле ак эмгеги жана жоокердик талыкпастыгы менен биздин мамлекетибиздеги тынчтыкты жана туруктуулукту ишке ашырган, анын корголушун бекемдеген азаматтарыбызга таазим кылуу күнү.
Өлкө жетекчилигинин аракеттери менен бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө, алар биринчи кезекте биздин өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн, аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттик өз алдынчалыгын коргоого багытталган.
Мен бардык аскер кызматкерлерин, согуштун жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин Ата Журтту коргоочулардын күнү менен куттуктайм. Силерге жана силердин үй-бүлөңөргө тынчтык жана чың ден соолук каалайм”.