Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 22-февралда кыргызстандыктарды 23-Февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти төмөндөгүдөй:

 

“Урматтуу мекендештер!

 

Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм. Эзелтеден ата-бабаларыбыз Ата Мекенибизди коргоп, көздүн карегиндей сактоону ыйык парзы катары эсептеп келген. Мекен үчүн жанын берүүдөн да кайра тартпаган эр жүрөк инсандарыбыздын ысымы тарых барактарында жазылып калды. Эгемендүүлүгүбүздү коргоп, Кыргызстаныбыздын бүтүндүгүн сактоодо жоокерлерибиз жана офицерлерибиз өз милдеттерин татыктуу аткарып келе жатышат. Кыргызстаныбызды өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуп, чыныгы эгемен өлкөнү курууда мекен сакчыларынын ролу чоң.

 

Урматтуу мекендештер, дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайм! Жерибизге тынчтык, элибизге бейпил жашоо, жаркын келечек каалайм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан