Ош. Бактыбек Калмаматов: "Эстакадалык көпүрөнү курууда базардагы соодагерлердин кызыкчылыгы эске алынганбы?"

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын имаратында "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны өтүп жатат. Анда ЖКнын депутаты Бактыбек Калмаматов: "Курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнү курууда базардагы соодагерлердин кызыкчылыгы эске алындыбы? Алар үчүн кандай чаралар көрүлдү? Көчөлөрдөгү соода түйүндөрүнүн баары мыйзамдуубу?"- деп суроо узатты. Буга Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алимбай Кадыров: "Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү соода түйүндөрүнүн баары мыйзамсыз иш алып барышат. Айрым мыйзамга баш ийбегендерге чара көрүү боюнча иш пландарды түзүп жатабыз. Соодагерлерге 2-3 ай мурда көпүрө куруу боюнча кагаздар таркатылган",- деп жооп берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан