Назарали Арипов: “Аскердик адистиктин башкы мааниси – Ата Мекенди сүйүү”

“Аскердик адистиктин башкы мааниси – Ата Мекенди сүйүү”,- деди “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов 23-Февраль майрамына карата өзүнүн куттуктоосунда. Депутат мекенге кызмат кылуу байыртан бааланып келген сыймыктуу иш экенин айтат.

“Аскердик адистиктин негизги мааниси – Ата Мекенди сүйүү. Андыктан Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөө – чоң сыймык. Мекенди коргоого кызмат өтөө ар качан өзүн чыныгы атуулмун деп эсептеген ар бир жарандын ыйык парзы болуп келген жана мындан ары дагы боло бермекчи. Жоокерлерибизге эң чоң жоопкерчилик жүктөлгөн – ал Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо жана анын аскердик коопсуздугун камсыздоо”,- деди Арипов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан