21-февралда “Республика”
фракциясы Ош шаарында көчмө жыйын өткөрдү. Анда шаардагы көйгөйлөр,
жол оңдоо, курулуш иштеринин тегерегиндеги маселелер талкууга алынды. Фракция депутаттары
Ош шаарынын башкы планын иштеп чыгууну тездетүүнү, бүтө элек курулуш мекемелеринин
курулушун аягына чыгарууну, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият
мекемелерин капиталдык оӊдоодон өткөрүү боюнча тапшырмаларды беришти.
Шаар башчысы Айтмамат
Кадырбаев 3 айдын ичинде Ош шаарын өнүктүрүүнүн программасын жергиликтүү
депутаттарга тааныштыра турганын убадалады.