Курманакун Матенов Чек ара кызматынын башчылыгынан бошотулду

Курманакун Матенов Мамлекеттик чек ара кызматынын башчылыгынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 22-февралда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. 

Айта кетсек, К.Матеновго буга чейин кылмыш иши козголгон. Ага "алдамчылык" беренеси боюнча айып тагылып, ал "жасалма документтер менен пенсиясына кошумча акча каражат кошуп алган" деп күнөөлөнүүдө.

Башка буйруктун негизинде Райимберди Дүйшөнбиев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Ал буга чейин аталган кызматтын башчысынын милдетин аткарып келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан