Мелис Сатыбалдиев Улуттук гвардиянын кол башчысы болуп дайындалды
Коргоо
министрлигинин алдындагы Улуттук гвардиянын кол башчысы болуп Мелис Сатыбалдиев
дайындалды. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 22-февралда президент Алмазбек Атамбаев
кол койду. Маалыматты президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.