Парламенттеги “Республика” фракциясынын лидери Назарали Ариповдун Ош шаарындагы кыш заводуна эч кандай тиешеси жок. Муну бүгүн, 22-февралда аталган фракциянын катчылыгы билдирди. Айта кетсек, маалымат булактарына "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулуп, учурда нааразычылык жаратып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн кышы Назарали Ариповдун кыш заводунан сатылып алынган" деген маалыматтар чыкты.
“Мындай маалымат чындыкка дал келбейт жана туура эмес. Эл өкүлү 2010-жылы Жогорку Кеӊештин депутаты болгондон баштап коммерциялык иштер менен алектенбейт”,- деп билдирди фракциянын катчылыгы.