Кыргызстанда ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиевге жана Ош ОИИББинин башчысы Сүйүнбек Өмүрзаковго “милициянын генерал-майору” чинин берүү боюнча жарлык чыкты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 22-февралда президент Алмазбек Атамбаев кол койду.